super.kg logo

Ысык-Көлдө 2 жаран каза тапкан жол кырсыгы: Айдоочу уктап кеткен

 

Бүгүн, 3-августта Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан 2 адам каза болгон. Кырсыкка Mitsubishi унаасынын айдоочусу уктап кеткендиги себеп болгон. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Коопсуз шаар" камераларынан алынган маалымат боюнча, 2-август күнү саат 16:00дө Mitsubishi унаасынын айдоочусу, 39 жаштагы Т.Т. аттуу жаран Бишкектен Ысык-Көл облусуна чыгып, 3-августка караган түнү саат 2:12де борборго кайтып келген. Саат 4:42де Чүй кең көчөсү менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишинен өтүп, кайра Ысык-Көл облусуна жөнөп кеткен.

Эртең менен саат 7:20да Кызыл-Өрүк жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда рулда уктап калып, каршы тилкеге ​​чыгып кеткен. Анда Чолпон-Атадан Бишкекке бара жаткан 18 жүргүнчүнү ташыган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобус менен сүзүшкөн", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: