super.kg logo

Эдил Байсалов Бахрейнден келген делегацияны кабыл алды

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бахрейндин банк иши жана финансы институтунун директору Ахмед Аль-Шейх жетектеген Бахрейн Королчулугунун делегациясын кабыл алды.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык, соода-экономикалык, айыл чарба, энергетика, саламаттыкты сактоо жана туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары республиканын туристтик мүмкүнчүлүгүн белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын финансы институттары менен түз байланыштарды жайгаруу, атап айтканда банк иши, финансы, блокчейн технологияларын колдонуу сыяктуу тармактарда кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Бахрейндин банк иши жана финансы институтунун жетекчиси өз ара кызыкчылыктарды туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүгө даяр экендигин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: