super.kg logo

Ысык-Көлдө 4 жашар кызды издеп жаткан ыктыярчылар белгисиз адамдардын сөөктөрүн табышты

 

Ысык-Көл облусунда көлгө чөгүп кеткен төрт жашар Аиша Мурдинованы издөөгө жардамдашып жаткан ыктыярчылар көлдөн белгисиз адамдардын сөөктөрүн табышты. Бул тууралуу ыктыярчылар социалдык тармактагы баракчаларына жазышты.

Бул маалыматты Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы дагы тастыктады. Милициянын маалыматы боюнча, 1-августта Ысык-Көл РИИБине ӨКМдан билдирүү түшкөн. Билдирүүдө ошол эле күнү болжол менен саат 15:00 чамаларында Тору-Айгыр айылынын түштүк-чыгыш тарабында көлдөн эски желим торлорго оролуп чирип калган сөөктөрү табылгандыгы айтылган.

"Аталган билдирүү райондук милициясында маалыматтардын электрондук журналына катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде тийиштүү чечим кабыл алынат", - деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБинен.

Эске салсак, 18-июлда 5 адамдан турган балалуу үй-бүлө көл жээкте эс алып жаткан кезде шамал болуп, көл бешөөнү тең баллондору менен кошо жээктен алыс тартып кеткен. Аларды кайыктагы жергиликтүү тургундар таап алышкан. Бирок 4 жаштагы кызды таппай калышкан. Ошондон бери аны издөө иштери натыйжа бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: