Түштүк Африкада массалык баш аламандыктар башталды
Түштүк Африка Республикасында (ТАР) электр энергиясынын кымбатташына жана жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө байланыштуу массалык баш аламандыктар башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Негизги кызматтардын кымбаттыгына нааразы болгон жергиликтүү тургундар Тембиса шаарындагы жолдорду күйгөн дөңгөлөктөр менен тосушуп, муниципалдык имаратты өрттөшкөн.
Полиция менен кагылышуудан улам эки адам каза болгон. Кийинчерээк Түштүк Африканын Коргоо министрлиги өрттөлгөн имараттын кире беришинен дагы эки адамдын сөөгү табылганын, жалпы каза болгондордун саны төрткө жеткенин билдирген. Полиция өлүмдөрдүн себебин азырынча тастыктай элек, тергөө иштери уланууда.
Белгилей кетсек, дүйнөдөгү жумушсуздук жана кылмыштуулук эң көп катталган өлкөлөрдүн бири болгон Түштүк Африкада нааразылык акциялары үзгүлтүксүз болуп турат.

