super.kg logo

Ысык-Көлдө 4 жаран эс алуучуларды оюнчук тапанча менен коркутуп тоноп кетти

 

Ысык-Көлдө төрт жаран оюнчук тапанча менен коркутуп, каракчылык кылышты. Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-июль күнү Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Өзүнүн арызында 29-июлдан 30-июлга караган түнү болжол менен түнкү саат 23:00 чамасында өзүнүн 16 жаштагы иниси менен Бостери айылында жайгашкан «Университет» пансионатынын көл жээгинде сейилдеп жүрүшкөндө, аларга болжол менен 17-20 жаштагы белгисиз балдар келишип, такталбаган үлгүдөгү тапанча менен коркутушуп, акча каражаттарын, уюлдук телефондорун, күмүш шакектерин жана башка буюмдарын карактап кетишкендигин билдирген.

Жабырлануучуларга келтирилген жалпы материалдык чыгым 43 миң 200 сомду түзгөн.

Кылмышка шектүү катары 17 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургундары М.О., Д.Т., Чүй облусунун тургуну Н.И. жана 16 жаштагы Нарын облусунун тургуну Т.Б. кармалган. Райондук соттун чечими менен шектүүлөр 1 айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: