super.kg logo

Ошто жер астындагы түтүк аркылуу чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн жаран кармалды (сүрөт)

 

Ош облусунда мамлекеттик чек арадан жердин асты менен мыйзамсыз өтүп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, облустун аймагында болжол менен 34-36 жаштагы Ф. аттуу жаран адамдарды чек арадан мыйзамсыз өткөрүп, мыйзамсыз миграция уюштуруп жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алынган.

“Тергөөнүн жүрүшүндө Араван районунун Төбө-Коргон айылынын тургуну, 36 жаштагы Р.Ф. кармалган. Ал тергөөдө аты-жөнү аныктала элек Өзбекстандын М. аттуу жараны менен алдын ала мыйзамсыз миграцияны уюштурууну сүйлөшүп, тергөөдө аты-жөнү аныктала элек А. аттуу Өзбекстандын жаранын 21-январь күнү Төбө-Коргон айыл өкмөтүнүнүн аймагынан узундугу болжол менен 150 метрдей, 4-5 метр тереңдикте жер астына көмүлүп, бир жагы Кыргызстандын, экинчи жагы Өзбекстандын аймагында орун алган темир түтүк (труба) аркылуу коңшу өлкөнүн аймагынан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүнү уюштургандыгы аныкталган”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 2022-жылдын 23-январь күнү Кара-Суу районунун тургуну, 1986-жылы туулган Д.А. аттуу жаран А. аттуу Өзбекстандын жаранын жогоруда көрсөтүлгөн түтүк аркылуу Кыргызстандын аймагынан Өзбекстанга мыйзамсыз өтүүсүн уюштургандыгы аныкталган.

Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр камакка алынган.

Ал эми аты-жөнү тактала элек Өзбекстандын эки жаранын аныктоо максатында кошуна мамлекеттин укук коргоо органдарына эл аралык келишимдердин алкагында тийиштүү документтер даярдалып жөнөтүлгөнү айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: