super.kg logo

Кытай армиясы Тайвандын айланасында аскердик машыгууларды баштады (видео)

 

Кытайдын Элдик боштондук армиясы масштабдуу аскердик машыгуусун баштады. Кытай борбордук телевидениеси машыгуулар Тайвандын тегерегиндеги алты аймакта 7-августка чейин уланарын билдирди

Машыгууну 2-августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга келген күнү жарыялаган. Пелосинин сапары Тайвань булуңундагы чыңалууга түрткү болду. Пекин 4-7-августта аскердик машыгуулар болорун жарыялоодон тышкары Тайвандан айрым продукцияларды импортоого тыюу салды.

Машыгуунун алкагында Кытай бийлиги Тайванга каттамдарды чектеди. Тыюу аралдын тегерегиндеги алты зонага тиешелүү. Кытай тарап машыгуу өтүп жаткан аймактардагы кемелер менен учактарга акваторияга жана аба мейкиндигине кирбөө тууралуу эскертүү берди.

Тайванга болгон сапары дүйнөнү дүңгүрөткөн Нэнси Пелоси деген ким? Шилтеме аркылуу кирип окуңуз.






Кытайдын Элдик боштондук армиясы масштабдуу аскердик машыгуусун баштады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: