super.kg logo

Бишкек ЭЭАнын башчысы Кудрет Тайчабаров iPhone 12 телефонун тендерсиз алганы айтылды

 

1-августта активист Атай Бейшенбек “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын директору Кудрет Тайчабаров ишкананын эсебинен 110 миң сомго iPhone 12 Pro Max уюлдук телефон жана 2 миллион сомдон ашык акча каражатына Toyota Land Cruiser 200 унаасын алганын социалдык тармактагы баракчасына жазган.

“Бишкек” ЭЭАны Кудрет Тайчабаров жетектегенден бери кыйраткан иштерин деле көргөн жокмун, бирок мындай ашыкча чыгашаларга, ойлонулбаган кадамдарына каршы турушубуз керек.
Субъектилердин биринен ижара акысынын ордуна деп өзү айдап жүргөн Toyota Land Cruiser 200 унаасын 2 миллион сомдон ашык каражатка алганы кандай? Буларга ушунчалык люкс стандарттагы кызматтык унааны ким бышырып коюптур?! “Бишкек” ЭЭАнын эсебинен дагы 110 миң сомго iPhone 12 Pro Max алыптыр! Кудайды карасаңар боло!? Бул чети гана", - деп жазган активист.
Бул маалыматты Кудрет Тайчабаров четке каккан.
Өз кезегинде ПолитКлиника” медиасы бул маалыматтарды текшерип көрүп, Тайчабаров iPhone 12 Pro Max уюлдук телефонун тендерсиз алганын жарыялады.

"Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтындагы маалыматка ылайык, “Бишкек” эркин экономикалык аймагы 2020-жылдын октябрында Улуттук көргөзмө борборуна товар сатып алуу үчүн үч жолу тендер жарыялап, кайра үч жолу тең жокко чыгарган. Мындан тышкары, сайтта андан мурдагы жылдары ЭЭАга караштуу имараттарды оңдоо үчүн беш жолу тендер жарыяланганы көрсөтүлгөн. Ал эми уюлдук телефон алуу үчүн сынак жарыяланганы тууралуу маалымат жарыяланган эмес", - деп жазды ПолитКлиника” медиасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: