Орусиядагы ири өрт: Жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок
Орусиянын Москва облусундагы "Ozon" кампасынан чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
"Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москва облусу боюнча ыкчам штабынын маалыматы боюнча, 20 миң чарчы метр аянтты ээлеген өрт өчүрүлүп, миңден ашык адам эвакуацияланды. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен жабыркагандар жок", - деп билдиришти элчиликтен.
Кечээ, 3-августта Истра районундагы Петровское айылында жайгашкан "Ozon" интернет-дүкөнүнүн кампасында ири өрт чыккан. Өрттүн аянты 55 миң чарчы метрди түзгөн. Өрттүн кесепетинен 1 адам каза болуп, 13 адам жабыркаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:20
2025-08-13

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.