super.kg logo

Элчи Кайрат Осмоналиев Азербайжандын маданият министри менен жолукту

 

Кечээ, 3-август күнү Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев аталган өлкөнүн маданият министри Анар Каримов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө маданият тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.

Тактап айтканда, тараптар дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган бир катар иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле эки өлкөдө маданият күндөрүнүн уюштуруу боюнча маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле элчи Осмоналиев министрге композитор Узеир Хажибейлинин "Аршын мал алан" (Кол буюмдарын сатуучу) опереттасынын коюлгандыгынын 35 жылдыгынын урматына Кыргыз опера жана балет театрында өткөрүнү пландаштырылган иш-чаралар тууралуу маалымат берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: