super.kg logo

Кыргызстанга АКШдан ыктыярчылар келди

 

Тынчтык корпусу аркылуу АКШ кошмо штаттарынан өлкөгө 11 директор, 11 мугалим жана 11 ыктыярчы келип, алар менен билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда министр акыркы 30 жылдын ичинде Кыргызстанда 1000ден ашык адам Тынчтык корпусунун ыктыярчылары катары кызмат өтөшкөнүн айтты.

"Мен өлкөбүзгө терең ишеним менен келген ыктыярчылары жаңы багыттагы иш-аракеттери менен куттуктайм.
Буга чейин өлкөдө иштеген ыктыярчылардын көптөгөн муундары мугалимдерди даярдоо жана жаштарды өнүктүрүү боюнча ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырышкан.
Алар ошондой эле 100 миңден ашык адамга
англис тилин үйрөнүүгө, башкаруучулук жана лидерлик сапаттарды өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө жардам беришти", - деди Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары кыргыз өкмөтүнүн чакыруусу менен 1992-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргызстанда иштешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: