super.kg logo
  Саясат  

Калича Умуралиева: "Жерлерди сатууга Иса Өмүркулов жалгыз катышкан эмес"

 
“Эмне үчүн Нариман Түлеев менен Ахматбек Келдибековго карата коррупция (303-берене) боюнча кылмыш иши козголот да, Бишкек мэри Иса Өмүркуловго карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу (305-берене) боюнча кылмыш иши козголот?”- деп суроо салды бүгүн, 4-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында активист Калича Умуралиева журналисттерге.
Анын айтымында, жерлерди сатууда Бишкек мэри жалгыз катышкан эмес. Бул жерде Бишкек архитектура департаменти, мамлекеттик курулуш ишканасында иштеген адамдар, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары да катышкан. Эгерде Иса Өмүркуловго карата козголгон кылмыш ишин 303-беренеге өзгөртпөсө, 305-берене боюнча козголгон кылмыш иши жабылып, мэр жазадан кутулуп кетиши мүмкүн. Себеби мыйзам боюнча 305-берене боюнча кылмыш иши козголгондо, ага 3 жыл мөөнөт берилет. Эгерде бул аралыкта айыпталуучунун күнөөлөрү такталбаса, айыпталган адам жазадан кутулуп кетиши мүмкүн. Иса Өмүркуловго карата 303-берене боюнча кылмыш иши козголуп, күнөөлөрү далилденсе, ага 20 жылга чейин жаза мөөнөтү берилүүсү мүмкүн.
 Калича Умуралиева "Иса Өмүркуловдун бир эле Бишкек шаарынын мэрлик кызматындагы ишмердүүлүгүн текшербестен, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында жүргүзгөн ишмердүүлүгүн да текшерүүгө алуу зарыл",- деп кошумчалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: