АКШ Конгрессинин мүчөсү жол кырсыгынан каза болду
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Жеки Валорски жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Индиананын түндүгүндөгү Наппани шаарына жакын жерде болгон. Анда Индиана штатынын атынан АКШ Конгрессинин Республикалык партиясынын мүчөсү Жеки Валорски жана анын кызматкерлери бара жаткан унааны каршы тилкеге чыгып кеткен унаа келип сүзгөн.
Кырсыктан 58 жаштагы Жеки Валорски каза болгон. Ак үй анын элесине желек жарым ылдый түшүрүлө турганын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.