Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы жардамчысы үй камагына чыкты
Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова СИЗОдон чыкты. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров билдирди.
Жактоочунун билдиришинче Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова Каракол шаардык сотунун чечими менен 2022-жылдын 11-сентябрына чейин үй камагында болот.
Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси 343-берененин (опузалап пара алуу) негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында 17-майда УКМК тарабынан кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:20
2025-08-13

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.