Абдылдабек Кекенов АКШда өткөн жиу-житсу боюнча турнирде алтын медаль утту



Кыргыз спортчусу Абдылдабек Кекенов АКШнын Калифорния штатында өткөн жиу-житсу боюнча "Jiu Jitsu World League" турниринде алтын медаль утту.
Маалыматка ылайык, аталган эл аралык турнир 30-31-июль күндөрү Калифорнияда болуп өткөн. Анда 3 миң 300 спортчу катышып, Кекенов эки категория боюнча беттешкен. Кыргызстандык спортчу 76 килограмм салмакта 5 беттеш өткөрүп, эки категорияда тең алтын уткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.