super.kg logo

Ташкентте 14 жаштагы өспүрүм тууганын мылтык менен атып салды

 

Өзбекстанда 14 жашар өспүрүм аталаш тууганын атып алды. Бул тууралуу Ташкент облусунун ички иштер башкы башкармалыгына таянып чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Андагы маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 2-августунда Ташкент облусунун Паркент районунда аталаш бир тууган өспүрүмдөр үйдөн таякесинин пневматикалык мылтыгын эч кимге көрсөтпөй алып чыгып кетишкен.

Алар канаттууларга аңчылык кылуу учурунда 14 жаштагы бала кокусунан 15 жаштагы тууганын көкүрөк тушка атып алган. Өспүрүм алган жараатынан улам окуя болгон жерден каза болгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, окуянын чоо-жайы иликтенип жатканы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: