Боомдо кайрадан сел жүрүп, жол эки тараптуу жабылды (видео)
Боом капчыгайында селден улам жол эки тараптуу жабылды.
ӨКМдан билдиришкендей, саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон түшкөн сел суулары Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 136-чакырымы жана 138-чакырым аралыктарында 2 тилкеден сел суулары жүрүп, жолду кум-шагылга толтурган.
Учурда облустарды бириктирген жол эки тараптуу жабык. Жерине маалыматты тактоо жана тазалоо иш-чараларына көмөк көрсөтүү максатында КР ӨКМнин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган 4 куткаруучу жана №32 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.
Жолдун абалы боюнча кошумча маалымат берилет.
Боомдо кайрадан сел жүрдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.