super.kg logo
  Спорт  

Жактыбы? Кыргыз спортчуларынын Ислам шериктештиги оюндарына кие турган формасы жарыяланды (фото)

 

Кыргызcтандын курама командасынын Ислам шериктештиги оюнундарына кие турган параддык жана спорттук экипировкасы жарыяланды.

9-18-август күндөрү Түркиянын Конья шаарында Ислам шериктештиги оюндары өтөт. Аталган мелдешке Кыргызстандан 158 киши катышат.

Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземине жана машыгууга кие турган Кыргызстан курама командасынын параддык жана спорттук экипировкасы даяр болду.

Параддык форманы курама команда 9-август күнү Ислам шериктештиги оюндарынын ачылыш аземинде кийип чыгат. Параддык форманы Ата Мекендик “BAIRA” мода үйү даярдаган. Ал эми спорттук экипировка “JOMA” компаниясына таандык.

Эске салсак, март айында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти, Улуттук Олимпиада комитети менен биргеликте “Кыргызстан курама командасынын спорттук экипировкасын танда” аттуу сынак жарыялаган. Анда дизайнерлердин эмгектери кабыл алынып, сынактын 2-турунда коомчулуктун тандоосуна коюлган. Жыйынтыгында параддык жана спорттук экипировка тандалып алынды.

Ислам шериктештиги оюндарына жалпы 56 өлкөдөн 4200 спортчу катышып, 483 медаль ойнотулат. Кыргызстан спорттун жалпы 16 түрүнөн катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: