super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда “Борбордук Азиянын эркиндиктен ажыратуу жайларында балдарга каршы зомбулукту акырындык менен жок кылуу” аталыштагы долбоор иштей баштайт

 
Кыргызстанда “Борбордук Азиянын эркиндиктен ажыратуу жайларында балдарга каршы зомбулукту акырындык менен жок кылуу” аталыштагы долбоор иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Токтокан Боронбаева билдирди.
Анын айтымында, аталган долбоор Евробиримдиктин колдоосу менен Кыргызстанда, Казакстанда жана Тажикстанда өтөт. Ага КРнын Акыйкатчысынын аппаратынын, “Жаштардын укук коргоо тобу”, “Борбордук Азияда Эл аралык абактык реформанын өкүлчүлүгүнүн” кызматкерлери катышты. Долбоордун негизги максаты жабык мекемелердеги балдарга карата зомбулукту кыскартууга жардам көрсөтүү болуп эсептелет.
 Долбоор биринчи иретте жабык мекемелерде балдарды жалгыз камоону токтотууга жана эч качан балдарды чоң адамдар менен бир бөлмөдө кармоого жол бербөөгө багытталат. 
Токтокан Боронбаеванын билдирүүсүндө, Кыргызстанда жыл ичинде Акыйкатчы аппаратына 15 миң адам кайрылган. Алардын баары чоң кишилер болгон. Ал эми балдар тарабынан кайрылуулар болгон эмес. Себеби алар жашаган мекемелерде кайрылууга шарттар түзүлгөн эмес. 
Аталган долбоор 3 жылга эсептелген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: