Кыргыз футболчусу "Ооганстанга" укмуштуудай гол киргизди (видео)
Коңшу Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында старт алган "CAFA U-19 Championship 2022" эл аралык турниринин алгачкы беттешинде Кыргыз улуттук курама командасы Ооганстанды 1:0 эсебинде жеңип алды.
Беттештеги жалгыз голду 35-мүнөттө Иррахимбек Нурмат уулу киргизди. Ал алыскы аралыктан атаандаштын дарбазасына сокку узатып, кооз гол жаратты.
Муну менен Кыргыз улуттук курама командасы алгачкы 3 упайды алып, тайпада биринчи орунга чыкты.
Кыргыз улуттук курама командасы кийинки оюнун бүгүн, 6-августта Өзбекстанга каршы өткөрөт.
Тажикстанда өтүп жаткан "CAFA U-19 Championship 2022" турнирине Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран жана Ооганстан катышууда.
Иррахимбек Нурмат уулунун Ооганстанга киргизген голу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.