super.kg logo

Ошто 24 жаштагы кыз үйүнөн 150 миң сом алып чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголду

 

Ош облусунда 1998-жылы туулган Жолболдуева Гаухар Толкуновна аттуу жаран үйүнөн 150 миң сом жана алтын буюмдарын алып чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 26-май күнү Ош шаарынын тургуну 55 жаштагы М.А. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ал 26-май күнү болжол менен саат 10:00 чамасында 24 жаштагы кызы Жолболдуева Гаухар Толкуновна Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы үйүнөн 150 миң сом акча жана алтын буюмдарын алып белгисиз тарапка чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жаткандыгын жана Бишкек шаарына барышы мүмкүн экендигин билдирген.

Бул окуя электрондук журналга каттоого алынып, аймактык караштуулугу боюнча Кара-Суу РИИБге жиберилген.

"Ошол күндөн бери милиция кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүргүзүлүүдө. Бирок жүргөн жери аныкталбай жатат. Ошондуктан коомчулуктун жардамына муктаждык келип чыгууда. Дайынсыз жоголгон, Ош шаарынын тургуну 1998-жылы төрөлгөн Жолболдуева Гаухар Толкуновна жөнүндө маалыматы бар жана жүргөн жерин билген жарандардан жакынкы ички иштер бөлүмүнө же төмөндөгү телефондорго билдирип коюуңуздарды суранабыз", - деп билдирди ОШ ОИИБи.

Тел: 03232 5-31-82, 0553 54 10 10, 0778 18-19-20, 0755 16-04-92.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: