"Жаш балдар". Москвада канализацияга агып кетип каза болгон кыргызстандыктардын аты-жөнү такталды
Москва шаарынын Люблино аймагында канализация тазалап жатып сууга агып кеткен эки Кыргыз жаранынын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
"Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москвадагы оперативдүү штабынын маалыматына караганда, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен оңдоо иштери жүрүп жаткан канализацияны суу каптап, үч жумушчуну суу агызып кеткен. Такталган маалыматтар боюнча кырсыктын кесепетинен Кыргыз Республикасынын 2002-жылы туулган К.уулу Б. жана 1999-жылы туулган Б.уулу К., аттуу эки жараны каза болгон.
Ишти аткарууда коопсуздук эрежелерин бузуу фактысы боюнча Орусия Федерациясынын Москва шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын Тергөө комитетинин Люблино райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду", - деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.
Окуя болгон жерге элчиликтин юристи барды, элчилик каза болгондордун жакындарын аныктоо боюнча ыкчам иштерди жүргүзүп жатат.
Бул маселе Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин көзөмөлүндө.
Кечээ, 7-августта Москва шаарынын Люблино аймагында суу түтүгүн тазалап жаткан 13 адамды суу агызып кеткен. Анын бешөө өз алдынча чыгып, беш кишини куткаруучулар алып чыккан жана дагы үч адам дайынсыз жоголгон.
Кийинчерээк жоголгон үч адамдын жансыз денеси табылган. Алардын экөө Кыргызстандын, бирөө Тажикстандын жараны болгон.
