super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров быйыл БУУнун жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров сентябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуттук телеканалга берген маегинде билдирди.

Өзүңүздөр билгендей былтыр президентибиз БУУнун сессиясына видео байланыш аркылуу катышып тоолорду сактоо боюнча демилге көтөрүп, резолюция кабыл алынган. Быйыл жаратылышты коргоо боюнча 5 жылдык программаны сунуштап жатабыз. Аны Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында айтабыз жана 2022-2023-жылдары кабыл алдырганга аракет кылабыз”, - деген Кулубаев.

Ошондой эле Нью-Йоркко боло турган сапардын алкагында башка мамлекеттердин президенттери жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров президент катары Улуттар Уюмунун жыйынына алгачкы жолу барат. Былтыр ал БУУнун сессиясына видео байланыш аркылуу катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: