super.kg logo
  Саясат  

Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматы "Мелис Мырзакматовдун сөздөрү бурмаланган, ал Таластагы окуяны башка таризде айткан" деген маалымат таратты

 

Ош шаарынын борбордук аянтында 2-декабрь күнү депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митинг өткөрүп, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов митингчилердин алдына чыгып сөз сүйлөгөн эле. Өз сөзүндө шаар башчысы бийликти, күч органдарын сындаган. Бул күнү айтылган сөздөрү коомчулукта катуу талкуу жараткан соң мэриянын басма сөз кызматы "Мырзакматовдун сүйлөгөн сөзү бурмаланып таркады" деген билдирүү таратты.

Ош шаарынын басма сөз кызматынын маалыматында “Сайттарда туура эмес маалыматтар жарыяланууда. “Мелис Мырзакматов сүйлөп жатканда көпчүлүк имаратка кирүүгө аракеттенди” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мындан сырткары мэр митинг учурунда Таластагы окуяларды эске салып “Таласта силерди ургандарды, Конгантиевди эмне кылганын унуттуңарбы?  Ошол окуяны кайталагыңар келип жатабы?” дегени да чындыкка жатпайт. Митинг учурунда  Мелис Мырзакматов “Таластагы окуядан кийин Ош шаарынын мэриясы биринчи болуп материалдык жана моралдык жардам көрсөттү деген” деп айтылат.

Ал эми коомчулукта, айрыкча интернетте талкууга алынып жаткан Мелис Мырзакматовдун митинг учурунда сүйлөгөн сөзү жазылган видео башканы айтып турат. Шаар башчынын Келдибековдун тарапташтарынын алдында сүйлөгөн сөзүн сөзмө-сөз келтирсек, ал мындай деген:"Мен күч органдарына айтып коёт элем. 7-апрелде Таласта элден кордук көргөнүңөр эсиңерден чыктыбы? Конгантиев эсиңерден чыктыбы? Погонуң жулунуп, мурунуң кан болуп келгенде биринчи Мырзакматов барып абалыңды сурадыбы, урматтуу милиция кызматкерлери?" .

   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: