super.kg logo

Башкы прокуратура чек арада ок тийген бала боюнча билдирүү таратты

 

Баткендеги Миң-Өрүк айылына жакын чек арада жаракат алган 8 жаштагы бала ооруканада. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 7-август күнү кечки саат 19:00 чамасында катталган. Анда "Миң-Булак" чек ара тозотунун нөөмөттөгү жоокери Ж.у.К. "Миң-Өрүк" убактылуу чек ара өтмөгүнүн аймагында турганда анын жанына үч бала келген. Жоокер алаксый түшкөндө анын куралы менен 2013-жылы туулган С.Б. аттуу бала кокустан ок чыгарып алат. Натыйжада 2014-жылы туулган С.А.К жаракат алганы айтылат. Алган жаракатынан улам бала облустук ооруканага келип түшкөн.

Бул факты боюнча Баткен ОИИБинде маалыматтардын журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Мындан тышкары Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан жоокер Ж.у.К.нын аракеттерине карата текшерүү жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин чек ара кызматы 8 жаштагы балага ок тийгенин кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: