super.kg logo
  Спорт  

Конья-2022: Түркиянын спорт министри Ислам тилектештик оюндары эмне максатта өткөрүлөрүн айтты

 

Түркиянын Конья шаарында Ислам тилектештик спорт оюндарын өткөрүү бүгүнкү күндүн башкы талабы жана буга муктаждык болуп турат. Бул тууралуу Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу билдиргенин Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.

Министр Коньяда спорт оюндарын өткөрүү менен Түркия жер жүзүндө биримдикти, ынтымакты чыңдоонун жаңы жолдорун сунуштоого белсенип жатканын белгиледи.

"Түркия жер жүзүндө биримдик, ынтымакты чыңдоонун жаңы жолдорун сунуштап, 5-Ислам тилектештик спорт оюндарын өткөрүүгө белсенүүдө. Дүйнөнүн 56 ислам өлкөсүнөн 6 миңге чукул спортчу бир майданга чогулуп, гармониялуу позицияларын көрсөтүшөт. Кандай гана айырмачылыктар болбосун биригүүгө мүмкүн экендигин далилдөөгө аракет кылышат. Түркия муну менен кандай гана шарт, кандай гана адамдар менен болбосун тынчтыкты сактоого жана ынтымакты бекемдөөгө боло турганын далилдөөгө аракет кылат. Дал ушул максатта Ислам тилектештик спорт оюндарын өткөргөнү турат", - деген түрк министри.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Ислам дининде спорттун мааниси жана орду тууралуу академиялык симпозиум да өтөт. Анда спорттун коомдук тынчтыкка кошкон салымы талкууланат.

"Дүйнөдө дини бир, тили башка миңдеген мусулман өлкөлөрү бар. Географиялык орду, жашоо шарты, турмушу бири-бирине окшобогон мусулмандар үчүн бирдиктүү бир трибуна керек болуп турат. Бул трибуна дал ушул спорттук оюндардан башталат", - деп кошумчалаган Мехмет Мухаррем Касапоглу.

Белгилей кетсек, Ислам шериктештиги оюндары Түркиянын Конья шаарында эртең, 9-августта старт алат. Бул оюндарга 56 өлкөдөн жалпы 4200 спортчу катышат. Кыргызстандын атынан 158 спортчу спорттун 16 түрүнөн катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: