super.kg logo

Эки эркек зордуктады делген 17 жаштагы кыздын жакындары билдирүү жасады

 

Эки эркек тарабынан зордукталды делген 17 жаштагы кыздын жакындары укук коргоо органдарына нааразычылыгын айтышууда. Алар SUPER.KG порталына экспертизанын жыйынтыгын ала албай жатышкандыгын билдиришти.

Экспертизанын жыйынтыгын белгисиз себептерден улам бербей, кечиктирип жатышат. Шектүүлөрдү да камабай койду деп уктук. Айрым ЖМКларда биздин кызды айыптап, кылмышка шектүүлөрдү жактаган бир тараптуу маалыматтар тарап жатат. Күнөөлүүлөр жазадан кутулуп кетпейби деп кооптонуп жатабыз”, - деп билдирди өзүн жабырлануучу кыздын эжесимин деп тааныштырган айым.

Буга чейин Чүйдө эки эркек 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатканы боюнча маалымат тараган. Анда Бишкектеги "Алтын Казына" ресторанынын кызматкерлери кызды бир күн бою алмак-салмак зордукташканы айтылат.

Ал эми аталган окуя боюнча Аламүдүн РИИБине кайрылганыбызда, окуя боюнча бардык адамдар такталып, алар суракка алынгандыгын жана окуянын жагдайы боюнча тыкыр изилдөө жүргүзүлүп, күнөөлүү адамдарга мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлөрүн билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: