Мушкер Дмитрий Бивол эртең өлкөгө келет
Мушкер Дмитрий Бивол эртең, 9-августта Кыргызстанга келет. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Алардын айтымында, Бивол эртең саат 12:55 чамасында "Манас" аэропортуна конору күтүлүүдө. Мушкер Кыргызстанга Адылкан Бекболотов атындагы боксту колдоо фондунун чакыруусу менен келүүдө.
Белгилей кетсек, Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Токмок шаарында төрөлгөн. Ал бокс менен алты жашынан баштап машыга баштаган. Бивол жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону болуп, бокс боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар курамасына кошулган. 15 жашында Дмитрий Бивол Орусияга көчүп кеткен. Ал Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) версиясы боюнча жеңил салмактагы Дүйнө чемпиону.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.