super.kg logo

Кызсайкал Кабыловага ким сөйкө салды? Талкуу жараткан суроого ырчы өзү жооп берди

 

Интернет желесинде ырчы Кызсайкал Кабылова турмушка чыгып жатабы? Сөйкө салуу аземи болуп жатат деген өңдүү суроолор күйөрмандар арасында желдей тарады. SUPER.KG порталы ырчынын өзү менен байланышып, төмөнкүдөй жооп алды.

"Турмушка чыккан жокмун. Бул үй той. Жакын туугандарыбызга той бердик.

Ал эми менин эң жакын курбум Айгерим (ред.: Айгерим Эшим) мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай инстаграм баракчасына сөйкө салуу аземи деп киргизип койгон экен. Мен аны башында байкаган эмесмин, кийин байкап калып мен да киргизип койдум (күлүп).

Эч кандай турмушка чыккан жокмун. Азырынча 1-2 жылдын ичинде турмушка чыгуу планымда жок. Кудай буюрган күнү турмушка чыгам деген ойдомун. Турмуш жолуна аттанганда сөзсүз түрдө кабарлайм", - дейт ырчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: