Төө-Ашуудагы тоннелде унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөөлөр алынды
Бишкек-Ош жолундагы К.Көлбаев атындагы тоннелде унаалардын өтүүсүнө коюлган убактылуу чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинен маалымдашты.Маалым болгондой, кечээ, 8-августта тоннелде оңдоо-түзөө иштери аяктады, автоунаалардын өтүүсүнө эч кандай тоскоолдуктар жок.
"Жакынкы аралыкта башка жолдорду оңдоо иштери күтүлүүдө. Балким, өтүүгө кайрадан чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу алдын ала кабарлайбыз", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
Белгилей өтсөк, 29-июлда тоннелде унаалардын кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















