super.kg logo

Ысык-Көлдө 4 жаштагы кызды издеп жаткандар көлдөн башка адамдын сөөгүн табышты (абайлаңыз видео)

 

Ысык-Көлдө көлгө түшүп жатып дайынсыз жоголгон 4 жаштагы кызды издеп жаткан ыктыярчылар көлдөн эркек адамдын жансыз денесин табышты. Бул тууралуу ыктыярчылар социалдык тармактагы баракчасына жарыялашты.

Маалыматка ылайык, жансыз дене Балыкчы шаарындагы көлдөн табылган. Сөөктү милиция кызматкерлери алып кетти.

Эске салсак, 18-июлда 5 адамдан турган балалуу үй-бүлө көл жээкте эс алып жаткан кезде шамал болуп, көл бешөөнү тең баллондору менен кошо жээктен алыс тартып кеткен. Аларды кайыктагы жергиликтүү тургундар таап алышкан. Бирок 4 жаштагы кызды таппай калышкан. Ошондон бери кызды көлдүн бардык аймагынан издөө иштери жүрүүдө.






Ысык-Көлдө белгисиз адамдын жансыз денеси табылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: