Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы убактылуу токтотулду
Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жол" ишканасынан билдиришти.Маалыматка таянсак, мындай чечим Боом капчыгайындагы селге байланыштуу кабыл алынган. Ага ылайык, Бишкек-2 - Балыкчы каттамы 10-августка чейин убактылуу токтотулду.
"Азыркы убакта жолду тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда. Каттамдын жандануусу тууралуу кошумча маалымат берилет.
Келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз", - дешти ишканадан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















