super.kg logo

Таштандыга толгон аянтчалар. "Комтранском" ишканасына 78 миң сом айып салынды

 

Муниципалдык инспекция "Комтранском" ишканасына 78 миң сом айып салды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда. Инспекция санитардык эрежелердин сакталышына жана менчик ишканалардын катуу тиричилик таштандыларын өз убагында ташып чыгуусуна көзөмөлдү күчөттү. Октябрь районун тейлеген «Комтранском» ЖЧКсына Бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесине ылайык 78 миң сом айып салынды.

Текшерүү учурунда инспекторлор тарабынан таштандыга толгон 6 таштанды аянтчасы аныкталды. Бул фактылардын негизинде жогоруда аталган ишканага карата протоколдор түзүлдү. Ишкананын жетекчилиги мыйзам бузууну четке кагып жаткандыктан, акыркы чечим чыгаруу үчүн иш административдик комиссияга өткөрүп берилди.

Ошондой эле муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан ар бир адам күн сайын өз аймагынын айланасында тазалыкты камсыздап турушу керектигин эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: