super.kg logo

Бишкекте буга чейин ата-энелер колдоп чыккан №61 мектептин директору Юрий Низовский кармалды (фото)

 

Бишкектеги №61 физика-математикалык мектеп-лицейинин директору Юрий Низовский кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, мектепте Юрий Низовский тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталган. Ал окуучулардын ата-энелеринен акча алып турган.

"Ал баланы биринчи класска киргизүүгө жардам берген үчүн бир нече жолу акча алган. Ошентип Низовский системдүү түрдө ата-энелерден опузалап акча алып келген. Ал өз мүлкүн жашыруу үчүн мүлктөрүн ишенген адамдарына каттаткан.

Тергөөнүн жүрүшүндө ага жана анын туугандарына таандык жалпы 150 миллион сомдук 35 мүлк аныкталды. Алар жер тилкелери, коттедж, дүкөн, унаалар, үйлөр жана батирлер. Анын иш бөлмөсүндө, үйүндө жана дачасында тинтүү жүрүп, көп суммадагы чет элдик валютадагы акча табылды”, - деп билдирди УКМК.

Ал кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: