super.kg logo
  Саясат  

Жээнбек Кулубаев БУУнун жаңы дайындалган координаторун кабыл алды

 

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Кыргызстандагы тутумунун жаңы туруктуу координатору Кристин Антье Гравени кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

9-августта өткөн жолугушуу Кристин Антье Гравени БУУнун Кыргызстандагы тутумунун жаңы туруктуу координатору катары аккредитациялоочу ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшыруу аземинен башталды.

Тараптар Кыргызстан менен БУУнун эки тараптуу кызматташтыгына байланышкан маселелерди талкуулашты.

Маектин жүрүшүндө 2022-жылдын 10-июнунда кол коюлган туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтык боюнча БУУнун тутумунун алкактык программасын ишке ашыруу боюнча БУУнун кеңсесинин Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен кызматташуусу боюнча маселелерге көңүл бурулду”,- деп айтылат маалыматта.

БУУнун координатору Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана тийиштүү органдары менен тыгыз иш алып барууга даяр экендигин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: