Ислам шериктештиги оюндары: Бүгүн 5 кыргыз балбаны килемге чыгат. Кимдер? (тизме)
Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында бүгүн, 10-августта күрөш боюнча мелдештер башталды.
Бүгүнкү мелдеште килем үстүнө 5 кыргыз балбаны чыгат. Алар: Алмаз Сманбеков (57 кг);
Икромжон Хаджимурадов (65кг);
Адилет Жапаркулов (74 кг);
Нуртилек Карыпбаев (86 кг);
Байсал Кубатов (97 кг).
Мындан тышкары стол тенниси боюнча курама команда командалык беттеште Ливанга каршы ойнойт. Ошондой эле Нурсултан Кеңешбеков менен Илья Тяпкин 10 миң метр аралыкта жарышка түшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.