super.kg logo

ММА жылдызы Чоршанбиев Тажикстандагы эң катаал колониялардын бирине жөнөтүлдү

 

Интернет аркылуу конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык жасагандыгы үчүн мекенинде сегиз жыл алты айга эркинен ажыратылган белгилүү тажик Чоршанбе Чоршанбиев Худжанттагы катуу режимдеги колонияга которулду. Бул тууралуу MMA Russia басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, мушкер которулган Худжанттагы колония Тажикстандагы эң катаал колониялардын бири болуп эсептелет. 2018-жылдын ноябрь айында аталган мекемеде абактагылардын баш аламандыгы болуп, анда 25 адам, анын ичинде түрмөнүн эки кызматкери каза болгон.

Чоршанбиев орусиялык "Hardcore Fighting", "Top Dog" жана башка промоушндарда мушташканы менен белгилүү. Мушкер өзүнүн беттеш учурундагы жүрүм-туруму менен көбүрөөк таанымал. 2021-жылы ал MMA турниринде беттешип, атаандашынын кулагынан тиштөөгө аракет кылган. Мындан улам ММА уюму мушкер менен келишимин токтоткон.

2021-жылдын 30-декабрында 26 жаштагы мушкер Орусиядан Тажикстанга депортацияланган. Дүйшөмбү шаарына жеткенде мушкерди Тажикстандын күч органдары кармап кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: