super.kg logo
  Спорт  

EFC: Хабиб Нурмагомедов Бусурманкул Абдибаит уулу жеңилбегенин айтты (видео)

 

Кечээ, 10-августта Бишкектеги Бишкек Арена спорт комплексинде "Eagle FC 49" турнири болуп өттү.

Турнирдин негизги беттешинде кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу орусиялык Расул Магомедов аттуу мушкер менен кез келип, калыстардын чечими менен жеңилүү ызасын тартып калган.

Беттештен кийин Расул Магомедов сөз сүйлөп жатканда күйөрмандар кыйкырышты. Андан кийин сөз сүйлөгөн уюмдун негиздөөчүсү Хабиб Нурмагомедов Бусурманкул Абдибаит уулу жеңилбегенин айтты.

"Расул эмне үчүн күнөөлүү? Түшүндүрө аласыңарбы? Ал салмагын кууду, бул жерге чыгып беттешти. Сиздер Бусурманкул Абдибаит уулу салмагын көрсөтүлгөн салмакка түшүрө албаганын эске алышыңыздар керек. Менин оюмча, Бусурманкул Абдибаит уулу жеңилген жок. Бирок анын упайы алынды", - деди Хабиб Нурмагомедов.

Мындан тышкары Хабиб Нурмагомедов эки мушкердин реванштык беттеши өтөрүн белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: