super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчыга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктарын сактоодо парламенттик көзөмөл жүргүзүү боюнча тапшырма берилди

 

Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “КРнын Акыйкатчысына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктарын сактоо жагында парламенттик көзөмөлдү жүргүзүү боюнча тапшырма берүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, кабыл алынды. Долбоорду Жогорку Кеңеш депутаты Дастан Бекешев демилгелеген.

Бекешевдин айтымында, мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын көйгөйлөрүн чечүүдөн өздөрүн оолак кармашат, анткени алар адамдардын мындай категориялары зарыл жөлөк пулдарды жана пенсияларды алып жатат деп эсептешет.

Мындай жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталуусун акыйкатчы тарабынан кылдат парламенттик көзөмөлгө алуунун зарылдыгы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын көйгөйлөрүнө өкмөттүн көңүлүн буруунун, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын жакшыртуу боюнча сунуштамаларды кабыл алуунун зарыл экендиги менен шартталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: