Хабиб Нурмагомедов кыргыз балбандары менен чогуу баскетбол ойноду



UFC уюмунун жеңилбес мушкери Хабиб Нурмагомедов Бишкек шаарында кыргыз балбандары менен чогуу баскетбол ойноду. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Бүгүн эртең менен эле өтө сонун оюн болду" деп жазды мушкер.
Хабиб Нурмагомедов жарыялаган сүрөттө белгилүү балбандар Алибек Осмонов, Улукбек Жолдошбеков бар.
Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга 8-августта келип, түз эле Ысык-Көлгө барган. Кечээ, 10-августта мушкер Бишкекте өткөн EFC'нин турниринде ардактуу конок болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.