super.kg logo

Жалал-Абадда эл аралык стандарттагы 1200 орундуу мектеп салынат

 

Жалал-Абад шаарында эл аралык стандарттагы мектеп салынат. Бул туурасында мэриянын маалымат борборунан билдиришти.

Маалым болгондой, мектеп салуу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан Спутник кичи районунан 3 гектар жер тилкеси бөлүп берилген. Аталган мектеп 1200 орундуу болот жана окутуу ыкмасы да заманбап талаптарга төп келмекчи.

"Жумушчу сапар менен Орусия Федерациясынын Билим берүү министрлигинин өкүлү Олег Чижаковский, М.Акмулла атындагы Башкортостан мамлекеттик педагогикалык университетинин аналитикалык кабинетинин директору Радик Юлбаев менен Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Элдос Таев жана Гулбарчын Таштанбекова жолугуп, мектеп салынуучу жай менен жеринде таанышышты.

Жаңы мектеп Орусия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен салынат. Мектепте окутуу орус тилинде болот, эгер зарылчылык болсо кыргыз тилдүү класстар ачылат", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, билим берүү тармагындагы кызматташтык келишимине президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары учурунда кол коюлган. Ага ылайык, Кыргызстанга жалпы 9 жаңы мектеп куруу макулдашылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: