super.kg logo
  Саясат  

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров ЕККУнун кеңсесинин алдында Бакиевдин сүрөтү тартылган бет кап кийип, "Андижан полькасын” бийледи

 

Бүгүн, 4-декабрда ЕККУнун кеңсесинин алдында Курманбек Бакиевди алып келүү талабы менен пикет болуп өттү. Бул туурасында  укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров билдирди.

Токтонасыровдун айтымында, өзү Курманбек Бакиевдин сүрөтү тартылган бет кап кийип, “Андижан полькасын” бийлеген. Пикетке укук коргоочудан башка эч ким катышкан эмес. 

“Мен көптөн бери Бакиевди Кыргызстанга алып келүү маселеси менен алпурушуп келем. Бирок эч кандай натыйжа жок. Эл аралык уюмдар адам укуктары деп сүйлөшөт. Бирок алар иш жүзүндө эч нерсе кылышпайт”,- деди Өндүрүш Токтонасыров.

Ошондой эле укук коргоочу эртең, 5-декабрда БУУнун алдында жогорудагы талап менен пикетке чыгат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: