super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” мыйзамга кол койду

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам 2022-жылдын 30-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуунун бирдиктүү мыйзамдык базасын түзүү, баалуу металлдар менен операцияларды мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, ошондой эле Кыргызстанда зергерчилик тармагын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана бул чөйрөдөгү улуттук мыйзамдарды Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарына шайкеш келтирүү болуп саналат”, - деп айтылат маалыматта.

“Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясы баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдө бирдиктүү мыйзамдык базаны, ачык-айкын механизмди түзүүнү, чөйрөдө так критерийлерди жана тартипти белгилөөнү камсыз кылат.

Мындан тышкары баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүүгө, зергерчилик өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: