super.kg logo

Ырчы Анжелика президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду

 

Ырчы Анжелика Кайратова президент Садыр Жапаровдон Алмазбек Атамбаевдин үйүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берүүнү суранып, өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу кайрылуу жолдоду.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич, урматтуу кыргыз эли!

Биздин арабызда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип төрөлгөн балдарыбыз бар. Өзгөчө балдарды карап, аны чоӊойтуп жаткан ата-энелердин түйшүгү да түмөн. ДЦП болуп төрөлгөн үчүн, жашоосун аманат кылып турмуш курган жолдошу дагы таштап кетип, баласын жалгыз караган энелер дагы жок эмес.

Көпчүлүгү жумуш менен алектенгенге шарты жок, керек болсо үйү жоктор бар. Ушундай абалда жашаган энелер чогулуп, сизге жана кыргыз элине кайрылып жатабыз. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү мамлекетке алынган. Жайгашкан аймагы, климаттык шарты ДЦП балдардын ден соолугуна кам көрүүгө, реабилитациялоого ыӊгайлуу экенин эске алып, ушул категориядагы жарандарга берүүӊүздү суранабыз!", - деп жазган ырчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: