super.kg logo
  Саясат  

КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга белектерди тапшырды (фоторепортаж)

 
1-топтогу майып Закиров Зарылбек жашаган үй.
КРнын социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Куйкеев баштаган топ Закировдун ден соолугунан кабар алганы келишти.
Каарманыбыз КРнын социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Куйкеев баштаган топту жылуу тосуп алды.
КРнын социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Куйкеев жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Зарылбек Закиров
Зарылбек Закиров 1947-жылы туулган. Ал КМШ өлкөлөрү боюнча жүрөгүнө 9 ирет операция жасаткан. Эки жылдан бери социалдык жардамдарды алып келет.
КРнын социалдык министрлигинин кызматкерлери Любовь Загребалова жашаган үйгө киришүүдө.
Любовь Загребалова 1-топтогу майып. КРнын өнүктүрүү министрлигине караштуу 1-май райондук өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо туруп,ай сайын 1000 сом жана квартал сайын 500 сомдон жөлөкпул алып турат. Мындан тышкары министрликтин кызматкери тарабынан тейленип, жардам алат.
Любовь Загребалова белек үчүн аталган министрликке ыраазычылык билдирүүдө.
Белек тапшыруу учуру.
Белек тапшыруу учурунан.
Белек тапшыруу учурунан.
Белек тапшыруу учурунан.
Белек тапшыруу учурунан.
Эрик Куйкеев Социалдык өнүктүрүү министрлигинде аткарылып жаткан иштер тууралуу журналисттерге маек берди.

Бүгүн, 4-декабрда КРнын Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Күйкеев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга белектерди тапшырды. Бул иш-чара Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан уюштурулган.

Иш-чарада социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Күйкеев Бишкекте жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген эки адамдын үйүнө барды. Алар 1947-жылы туулган 1-топтогу майып Закиров Зарылбек жана Любовь Загребалова. Министрлик атынан аларга микротолкундуу меш, коляска жана азык-түлүктөр тапшырылды.
Министрдин орун басары бул иштердин баары социалдык көйгөйлөрдү чечүү максатында жүргүзүлгөнүн баса белгиледи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: