Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы 15-августта жанданат
Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы 15-августтан тарта жанданат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жол" ишканасынан билдиришти.Билдирүүгө караганда, каттам буга чейин, 9-августта Боом капчыгайындагы селге байланыштуу убактылуу токтотулган.
Каттам убактысы:
- Бишкек-2 – Балыкчы поезди Бишкек-2 бекетинен саат 07:40та чыгып, Балыкчы бекетине саат 11:42де жетет.
- Балыкчы – Бишкек-2 поезди Балыкчы бекетинен саат 17:48де чыгып, Бишкек-2 бекетине 21:50дө келет.
Билет баалары:
- Жөнөкөй вагон: чоң адамдарга 150 сом, жаш балдарга 73 сом.
- Люкс вагон: чоң адамдарга 500 сом, жаш балдарга 250 сом.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















