super.kg logo

Германия кыргыз ишкерлерин окутат

 

Кечээ, 11-августта Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Экономика жана климатты коргоо министрлигинин департаментинин директору Доминик Шнихельс мырза менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Жолугушуу учурунда элчи Текебаев Кыргызстандагы логистика жана энергетика жааттарындагы ири инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымдап, ал долбоорлорду ишке ашырууда герман тарапты катышууга чакырды.

Доминик Шнихельс мырза 2022-жылдын 13-июнунда Бишкекте болуп өткөн Кыргыз-Герман бизнес-форуму жана Кыргыз-Герман Ишкерлер кеңешинин ишмердүүлүгү эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык кызматташууну жигердетүүгө жакшы өбөлгө түзгөнү тууралуу айтты. Ошондой эле герман тарап Кыргызстан экономикалык кызматташтыкты жигердетүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

"Шнихельс мырза герман өкмөтү тарабынан каржыланган Кыргызстандын ишкерлерин Германияда окутуу программасы мындан ары да уланаарын жана кеңейерин маалымдады. Андан тышкары тараптар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыкты жигердетүү жолдорун жана келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу ой-пикир бөлүштү", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: