super.kg logo

Екатеринбургда уулун сатууну көздөгөн кыргыз аял 2 айга камакка алынганы айтылды

 

Орусиянын Верх-Исетск райондук соту баласын сатууга аракет кылган 36 жаштагы Кыргыз жараны Н.А.ны 2 айга камакка алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышат.

Маалыматка ылайык, тергөө иштеринин жүрүшүндө Н.А. акчага муктаж болгондуктан баласын 300 миң рублга сатууну көздөгөнүн айткан. Анын айтымында, акчаны насыя төлөөгө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген апасы менен бир тууганына жумшамак.

Аял 9-августта "Карнавал" соода борборунан кармалган. Баланы сатып алуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзгөн ыктыярчыларга аял улуу баласы мурдагы жолдошунан экенин жана кийинки жолдошу менен тил табыша албай жатканын, 300 миң рублга сатаарын айткан.

Учурда бала ооруканада, медициналык текшерүүдөн өтүп жатат. Аялдын дагы 2 баласы бар экени айтылды. Аларды тиешелүү органдар өз камкордугуна алат. Ал эми аял 8-октябрга чейин СИЗОго камакка алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: