super.kg logo

"Ласковый Май" тобу Гиннесстин рекорддор китебине кирди

 

"Ласковый Май" тобунун алгачкы беш жыл ичинде уюштурган концерттерине 47 миллиондон ашык билет сатылган. Болуп көрбөгөндөй ийгилик жараткандыгы үчүн аталган топ "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, “Моя правда. Золото и проклятье “Ласкового мая” аталышындагы телепрограммада топтун алгачкы жылдарындагы популярдуулугу жөнүндө сөз болгон. Биринчи беш жылынын ичинде концерттерге 47 миллионго жакын билет сатылган, башкача айтканда, топтун концертине Орусиянын ар бир үчүнчү тургуну келген. Бул жетишкендиктин аркасында топ "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.

"Ласковый май" тобу 1986-жылы 6-декабрда Оренбург шаарындагы №2 балдар үйүндө музыка ийриминин мугалими болуп эмгектенген Сергей Кузнецов, аталган балдар үйүндө тарбияланып жаткан 13 жаштагы Юрий Шатунов жана Вячеслав Пономарёв тарабынан негизделген. 1992-жылы аталган музыкалык топ өз ишин убактылуу токтоткон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: