super.kg logo

Свердлов районунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын отуруму өттү

 

Бишкектин Свердлов районунун башчысынын орун басары Рустам Касымбековдун төрагалыгы алдында 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча райондук штаб өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга муниципалдык администрациянын кызматкерлери, коммуналдык кызматтардын өкүлдөрү, райондук кызматтардын жетекчилери, ошондой эле МАБдардын жетекчилери катышты.

Талкуунун жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

МАБдардын жетекчилерине көмүр камдоо боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасына билим берүү мекемелериндеги отканаларды жаратылыш газына өткөрүү, райондук билим берүү борборуна жылытуу системасын оңдоону өз убагында бүткөрүү тапшырылды.

“Чыгыш” РЭС жана Свердлов району боюнча Энергосбыт бөлүмүнө электр энергиясын керектөө лимиттерин сактоо тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: